• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суу ресурстары агенттиги: Сугат иштерине 4,2 млрд метр куб суу берилди

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. 1-сентябрга карата сугат иштерине 4 млрд 222 млн куб метр суу берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл 1-сентябрга карата сугат үчүн 4 млрд 153 млн куб метр суу берүү пландалган.

"Иш жүзүндө 4 млрд 222 млн куб метр суу берилди. Берилген суу менен 2 млн 772 миң гектар жер сугарылган. Анын ичинен биринчи сугат менен 940 миң гектар, экинчи жана кийинки сугат менен 1 млн 617 миң гектар жер сугарылган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий