• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жүрүшүндө кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Чечим Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Суу кодексинде каралган милдеттерди тийиштүү түрдө аткаруу максатында суу ресурстары агенттигине суу секторунун мамлекеттик органдарынын айрым иш-милдеттери берилет, бул – суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү, жер алдындагы суулардын режимин жана абалын изилдөө, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, ошондой эле башка ведомстволордун карамагында турган ирригация жана дренаж маселелери.

Мухаммедкалый Абылгазиев документке кол коюп жатып белгилегендей, учурда суу ресурстарын башкаруу айрым жүрүп жатат, башкаруунун кээ бир функциялары ар башка ведомстволор тарабынан аткарылып, алардын ортосунда суу маселелери боюнча ишти координациялоо жок.

«Суу ресурстарын пайдалануу жана коргоого бирдиктүү мониторинг жасалбайт, мамлекеттин суу ресурстарына менчиктик укуктары бузулууда, себеби жер үстүндөгү булактардан сууну көзөмөлсүз алуу шарттары түзүлгөн. Мындай шарттардын кесепети суу керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу болуп саналат. Биздин өлкө суу ресурстарына бай экендигине карабастан, аймактарды ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыздоо начар бойдон калууда. Суунун жетишсиздиги жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө таасирин тийгизет. Агенттиктин түзүлүшү менен суу секторунда улуттук, мамлекеттер аралык жана эл аралык деңгээлде бирдиктүү саясат жүргүзүлө баштайт. Суу ресурстарын интергациялуу башкаруу принциптерине негизделген суу ресурстарын пландаштыруу жана башкаруу милдеттери аткарылат. Ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тутумдарды пайдалануу жана техникалык тейлөө, мамлекеттик органдардын имшердүүлүгүн координациялоо жана бардык суу ресурстарына бирдиктүү мониторинг жүргүзүү камсыздалат», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Суу ресурстары агенттигин түзүү Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумду, сууну пайдаланууга уруксатты жана суу ресурстарын акы төлөп колдонууну киргизүүгө, Суу колдонуучуларынын реестрин түзүүгө, маалыматтын негизинде ар кыл секторлордогу ишмердүүлүктү узак мөөнөттүү пландаштырууну камсыздоого, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу суу ресурстарын моделдештирүүгө шарт түзүшү болжонууда, бул ыңгайлашуу потенциалын жогорулатат.

Мындан тышкары климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу тобокелдиктерди жумшартуу чаралары көрүлүп, учурдагы объекттердин коопсуздугун камсыздоо жана жаңысын куруу, ошондой эле коллектордук-дренаждык түйүндүн абалын пландаштыруу жана жакшыртуу боюнча мамлекеттик координация жүргүзүлөт.

Суу ресурстары агенттиги тарабынан Суу чарба жана мелиорация департаментинин ички ирригациялык тутумдун негизги керектөөчүлөрү катары суу колдонуучулар ассоциациясын түзүү жана потенциалын бекемдөө боюнча иши улантылат. Мындан тышкары Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментин берүү менен суу ресурстары агенттиги тарабынан суу колдонуучулар ассоциациясына жана ичүүчү суунун керектөөчүлөрүнүн айылдык коомдук бирикмелерине карата өз алдынча юридикалык жак катары, алардын ишин укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу жолу менен жөнгө салуунун келишимдик негизинде бирдиктүү саясат жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресуртары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүү республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.

Пикир

Оставить комментарий