• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Суу ресурстары кызматында тендерге байланыштуу коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Суу ресурстары кызматында тендерге байланыштуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Келтебек айылындагы СПАнын ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоого бөлүнгөн 57 млн 365 миң 524 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүдө коррупциялык схема аныкталды.

Мында, өкмөт тарабынан Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылуучу Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программадан “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоору боюнча чыгымдарды жабууга грант түрүндө каражат алынган.

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү берилген ыйгарым укуктарга ылайык республиканын ички чарбалык ирригациялык системаларын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик заказчы болуп саналат.

"Суу ресурстары кызматынын, Мамкурулуштун, айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ортомчулар аркылуу материалдык байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле аларга бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында жогоруда аталган ички чарбалык ирригациялык системаны реабилитациялоо боюнча тендерде жеңишти ыйгаруу үчүн “НТС” ЖЧКнын өкүлүнөн 5 млн 736 миң 500 сомдон 2 млн сом суммасында, тактап айтканда, тендердин суммасынан 10% өлчөмүндөгү өзгөчө ири сумманы “откат” катары алышкандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан баса белгилешкендей, жооптуу кызмат адамдарынын мындай аракеттери ирригациялык системаларды сапатсыз куруу коркунучун жаратат, ошондой эле сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу жана иштин көлөмүн жогорулатуудан улам мамлекетке финансылык зыян келтирет.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен (Коррупция) кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий