• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суу ресурстарынын 90 пайызга жакыны коңшу өлкөлөргө кетет – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда чогулган суу ресурстарынын 90 пайызга жакыны коңшу өлкөлөргө кетет. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Максат Ташболотов күнөскана тармагындагы инновациялар форумунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай, анын көп бөлүгү мөңгүлөрдүн эришинен пайда болуп, тоолордон агып түшөт. Бул өлкөгө тамчылатып сугарууну киргизүү үчүн актуалдуу.

“Биз башкы байлыгыбыз – сууга аяр мамиле жасашыбыз керек. Андыктан тамчылатып сугарууну киргизүү маанилүү”, - деди Ташболотов.

Ал Айыл чарба министрлиги бул багытта белгилүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады. Жакында КРнын технологияларды колдонуу тууралуу мыйзамына айрым өзгөртүүлөр киргизилген. Кеп жер үлүшүнө күнөсканаларды куруу мүмкүнчүлүгү тууралуу болуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий