• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суу өтүүчү түтүгү жарылган №173 бала бакчасы 6-февралдан тарта балдарды кабыл ала баштайт

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бишкектеги суу өтүүчү түтүгү жарылган №173 бала бакчасы 6-февралдан тарта балдарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-январда №173 бала бакчада суу өтүүчү түтүк жарылган.

Октябрь райондук администрациясы түтүктү оңдоо үчүн тендер жарыялоого 103 миң сом бөлгөн. Тендердин жыйынтыгында "Савл" компаниясы жеңип, оңдоо иштерин башташкан. Оңдоо иштерин 5-февралда бүтүрүүнү пландоодо.

"№173 бала бакчадагы оңдоп-түзөө иштери бүтөр замат балдарды кабыл ала баштайт жана жылуулук берүү жандандырылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий