• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суу тартыштыгы: Чүйдөгү дарыяларга суу сактагычтарды куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мөңгүлөр жетиштүү деңгээлде эрибей жаткандыктан суу тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.

Анын айтымында, Ала-Арча дарыясы 3 куб метр суу берип жатат. “Ал 9 миң гектар жерди суу камсыз кыла албайт. Тоодон 2 – 2,5 эсе аз суу агып түшүүдө. Болгон сууну кезек-кезеги менен кое берүүдөбүз. Июлдун башында абанын түнкү температура көтөрүлүп, дарыялардагы суунун агымы көбөйөт. Учурда абанын түнкү температурасы 15-17 градустан ашпай жатат”, - дейт агенттиктин директору.

Сокеев суу тартыштыгынан чыгуу үчүн эски скважиналар калыбына келтирилип, жаңылары казыларын белгиледи.

“Жаңы скважиналарды качуу боюнча “Катар Чарити” фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Андан сырткары, Чүй облусундагы дарыларга суу сактагычтарды курабыз. Ак-Суу дарыясына үч суу сактагыч курсак 15 млн куб метр суу топтолот. Кара-Балта дарыясына 5 млн куб метр суу топтоло турган эки суу сактагыч, Шамшыга 20 млн куб метр, Сокулукка 2 млн куб метр жана Чу дарыясына 32 млн куб метр суу толо турган бирден суу сактагыч куруу пландалууда. Ошондой эле Чу дарыясына айлантма курулат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий