• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Суучул Денис Петрашов төрт жылда бир өтчү Маккаби оюндарында алтын утту

Спорт 0


Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов төрт жылда бир өтчү Маккабиадада (Маккаби оюндарында) алтын утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 12-26-июлга чейин Израилдин Тель-Авив шаарында өтүүдө.

Петрашов 200 метр аралыкка сууда сүзүүнүн брасс түрүнөн күчүн сынап, алтын медалга татыды.

Эл аралык спорттук иш-чарага спорттун 42 түрүнөн 60 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышууда.

Белгилей кетсек, Маккаби оюндары – төрт жылда бир өткөрүлүүчү Олимпиада оюндарына окшош эл аралык спорттук мелдештер.

Пикир

Оставить комментарий