• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасы Берлиндеги эл аралык турнирде 25 медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 16-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Берлинде өткөн Эл аралык сууда сүзүү боюнча International Berolina Cup-2017 эки күндүк мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 25 медалга ээ болду. Бул тууралуу КРнын сууда сүзүү боюнча федерациясынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча турнирге Германия, Россия, Польша, Казакстан жана Кыргызстандын суучулдары катышкан.

Олимпиадалык резервдеги республикалык мектептин спортчулары суудагы спорт түрлөрү боюнча 15 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.

“Владислав Шулико 3 алтын медаль алып, ошондой эле, 50 метрлик баттерфляйда Кыргызстандын рекордун койду”, - деп билдиришти федерациядан.

Эркектер жана аялдар арасындагы 4х50 метрлик аралыкта кыргызстандыктардын командасы 3 коло медалга жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий