• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сууда сүзүү боюнча президенттин кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Бишкектеги "Дельфин" бассейнинде суучулдар арасында КР президентинин кубогу боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 30-31-август күндөрү өтүп, ага 92 спортчу катышкан.

Турнирдин жүрүшүндө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов суучул Элизабет Палмер, Павел Эрматов жана Алибек Эсенбаевге спорт чеберлери деген күбөлүк тапшырды.

Президенттин кубогунда эркектер арасында биринчи орунду Денис Петрашов алса, Кирилл Вайс менен Владимир Лифинцев экинчи орунду ээлешкен.

Кыздар арасындагы мелдеште алтын медалды Елизавета Рогожникова тагынды. Күмүш медалга Анастасия Филина, коло медалга Арина Ким татыды.

Пикир

Оставить комментарий