• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сууга чөгүп кеткен жактоочу Александр Стручалиндин денесин издөө иштери токтотулду

Коом 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жактоочу Александр Стручалиндин денесин издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштери 27-июлда анын туугандарынын демилгеси менен токтотулгандыгы такталууда.

“Эгер зарыл болсо, издөө иштери кайра уланат”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, Александр Стручалин 23-июлда Ысык-Көлдө эс алуу учурунда сууга чөгүп кеткен. Ал Бишкек жана Кыргызстан епархиясында юрист болуп иштеген. Караколдогу ишкерлер бирикмесинин төрагасы, “Ишкерлердин укугун коргоо” коомдук бирикмесининбашчысы болгон. 2016-жылы вице-премьер министрлердин биринин кеңешчиси болуп эмгектенген. Анын артында 3 баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий