• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сууга чөккөн 15 жана 25 жаштагы жарандардын денеси табылды

Кырсык 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. ӨКМдин куткаруу тобу Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 25-жаштагы аялдын жана 15 жаштагы өспүрүмдүн денелерин табышты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 7-августта Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында 25 жаштагы кыздын сууга секирип, аны суу агызып кеткени маалымдалган болчу. Куткаруучулар аны 6 күн издешип, 13-августта анын сөөгү табылган.

Ошондой эле, 9-августта Биринчи май районунда 15 жаштагы өспүрүм бала Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Аны издөө иштери 5 күн жүргүзүлгөн. Денеси 14-августта табылып туугандарына берилген.

Пикир

Оставить комментарий