• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сууга чөккөн 5 жашар бала табыла элек, куткаруучулар издөөнү улантышууда

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жашар бала табыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, баланы издөө иштерине жалпысынан 133 куткаруучу тартылган.

“Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан ИИМнин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган”, - деп кабарлашты ӨКМден.

Азырынча издөө иштеринен эч кандай натыйжа жок, бүгүн кайрадан издөө улантылат.

Белгилей кетсек, 11-апрелде 5 жашар бала Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий