• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сууга чөккөн 5 жашар баланын сөөгү табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү 8 күндөн кийин табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, баланын жансыз денеси бүгүн, 19-апрелде болжол менен саат 12:15те Чу дарыясынын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосундагы бөлүгүнөн табылган. Ал бала түшүп кеткен жерден 12-13 чакырым ылдый болгон.

Белгилей кетсек, 11-апрелде 5 жашар бала Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен. Издөө иштерине жалпысынан 133 куткаруучу жана Казакстан ИИМнин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.

Пикир

Оставить комментарий