• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сууга чөккөн балыкчынын денесин издеген куткаруучулар 20 жаштагы кызды табышты

Кырсык 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналында куткаруучулар сууга агып кеткен балыкчынын денесин издеп жатышып, 20 жаштагы кызды таап чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-августта кечинде Чоң Чүй каналына балык салганга келген 30 жаштагы киши сууга чөгүп кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар 20 жаштагы кыздын денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Күч кызматкерлери анын өздүгүн такташууда.

Балыкчынын денеси азырынча табыла элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери республикада 70 киши сууга чөккөн алардын 18и жаш балдар.

Пикир

Оставить комментарий