• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сууга түшүп кетүүсү мүмкүн. Куткаруучулар 57 жаштагы кишини издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы көлмөнүн жанында 57 жаштагы эркек кишинин кийимдери табылды. Ал сууга түшүп кетүүсү мүмкүн деген күмөн менен 102 кызматынан маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 21-июнда жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылды.

Сууга түшүп кетиши мүмкүн делген кишини издөө иштери бүгүн да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий