• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сууга түшүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Сууга түшүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-октябрь күнү Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына 71 жаштагы эркек адам түшүп кеткен.

12-октябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 8 куткаруучу тартылган. Бирок, издөө иштери натыйжа берген эмес.

Ошондой эле 7-август күнү Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

12-октябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден куткаруучулары тартылды.

Бүгүн,13-октябрь күнү эки адамды тең издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий