• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суук болгон аймактарда азырынча окууну баштабай турса болот – премьер

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 6-октябрдан тарта 2-6-класстарынын окуучулары окуусун баштайт.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды кышка карата жылытуу маселелерин азыртадан баштап толук камсыздоо боюнча катуу тапшырмалар берилди. Аба ырайы сууктап кетсе, балдарды муздак мектептерге алып барып, оорутуп албаш үчүн эртелеп от жагып, жылытууга туура келет. Азыртадан терезелерди жылуулоо иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот. Ошондуктан ар бир аймактын жетекчилери бул жагын карап, кайсы мектептерде окууну баштоого уруксат берет, аны өздөрү чечиши зарыл. Мектептерде жылуулук жагы толук камсыз болууга тийиш", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий