• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суук болушу күтүлөт. Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, 2022-жылдын 17-18-19-январында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт, 19-21-январда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°, Талас аймагында түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

20-22-январда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз - 2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2022-жылдын 16-январынан 19-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат

Пикир

Оставить комментарий