• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суукка байланыштуу апрелдин башында жылуулук өчүрүлбөйт

Коом 0


Бишкек, 28-март /Кабар/. Суук аба ырайы күтүлүп жатканына байланыштуу апрелдин башында Бишкекте жылуулук өчүрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында “Улуттук энерго холдинг компаниясы” ААКтын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, ӨКМнын болжолдоосу боюнча апрелдин башында суук аба ырайы күтүлөт, кар жаашы ыктымал, аба ырайы -2, -3 градуска чейин түшөт. “Бизде өзүбүздүн нормабыз бар. Ошондуктан жылуулук сезонун суук бүткөнгө чейин узартууну чечтик. Жылуулукту өчүрүү тууралуу кийинчерээк чечим кылабыз, айдын ортосуна чейин өчүрүлөт”,-деди ал.

Ошондой эле, А.Калиев Бишкек ЖЭБинде көмүрдүн кору жетиштүү, ал быйылкы жылытуу сезонуна жетерин билдирди.

Эскерте кетсек, жылуулук сырттагы абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан өйдө болгондо борбор шаардык мэриясынын буйругунан кийин өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий