• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суукка карата мектептерде окутуу убактылуу токтотулду

Билим 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргызстанда 26-январдан баштап мектептерде окутуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 32- беренесине ылайык, балдардын саламаттыгын сактоо максатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан абанын температурасынын кескин төмөндөшүнүн күтүлүшү тууралуу расмий түрүндөгү эскертүүсүнүн негизинде министрдин буйругу менен мектептерде 26-январдан баштап окутуу убактылуу токтотулат.

Буйрукка ылайык, билим берүү уюмдарында окутуу убактылуу токтолот:

  • 5 күндүк окуу жумасы менен мектептерде 26,29 жана 30 январь,
  • 6 күндүк окуу жумасы менен мектептерде 26,27,29 жана 30 январь.

Ведомство белгилегендей, 5 күндүк окуу жумасы менен мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен, ал эми 6 күндүк окуу жумасы менен мектептерде жазгы каникул эсебинен толукталат.

Пикир

Оставить комментарий