• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сууктан электр тармактары, от казандар, жылуулук трассалары иштен чыгышы мүмкүн - Боронов

Президент 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-январда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына алдыдагы аба ырайынын суук болушуна байланыштуу мүмкүн болчу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды жүзөгө ашыруу, жазында мүмкүн боло турган суу ташкындарына, селге, жер көчкүлөргө карата даярдык көрүү боюнча маалымат берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ашууларда, алыскы тоолуу аймактарда жана өлкөнүн негизги жолдорундагы абал аба ырайынын шартына жана кар жааганына карабастан ар дайым Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө болушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле кар эригенче чоң дарыялардын тосмолорун бекитип, аба ырайынын өзгөрүлүшүнөн улам калктуу пункттардын коопсуздугун камсыздоо жумуштарын башташ керек деп баса белгиледи.

Министр Кубатбек Боронов Мамлекет башчысы белгилеген багыттардын бардыгы боюнча ӨКМ тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, аймактардагы мамлекеттик администрация органдары менен биргелешип жумуш жүргүзүп жатканын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда алдыдагы боло турган суукка байланыштуу чукул эскертүү таратылган. “Россия жана Казакстан тараптан келе жаткан циклон бизге жетти. Бүгүндөн тартып суук боло баштайт. Суук дагы бир жума, же андан бир аз ашуун убакыт кармалат. Жарандык коргоонун бардык кызматтарына алдын ала айтылып, даярдык көрүлгөн. Кокус инфраструктура объектилери авария болуп, иштен чыкса, авариялык кызматтар так жана биргелешип иштеп, бардык кесепеттерин жоюшу керек”, - деп белгиледи министр Кубатбек Боронов.

Ал кошумчалагандай, сууктан электр тармактары, от казандар, жылуулук трассалары иштен чыгышы мүмкүн. “Мүмкүн болчу кесепеттерге даяр туруш үчүн бардык кызматтарга тиешелүү маалымат жеткирилген”, - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий