• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суунун деңгээли көтөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. 2017-жылдын 10-15-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.

2017-жылдын 12-июлунда күндүз 13-15-июлдарда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетип, абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин 2017-жылдын 10-июль күнү 02-34/484-Т жана 11-июль күнү 02-34/489-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий