• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суусамыр айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу алыскы Суусамыр айыл аймагына иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапарынын алкагында облус жетекчиси Суусамыр айылындагы “Суусамыр Нуру” бала бакчасынын ачылыш аземине катышты.

Курулуш АРИС тарабынан каржыланып, долбоордун суммасы 36 млн сомду түздү. Жалпы аянты 6161м2 аянтты ээлеп, 100 орунга ылайыкташтырылган. Заманбап жабдуулар менен жабдылган бала бакчада кичинекей бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.

Пикир

Оставить комментарий