• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суусамыр өрөөнүндө Улуттук гвардиянын аскер кызматчысынын марафону старт алды

Коом 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчысы, прапорщик Кайратбек Рапиевдин Суусамыр өрөөнүнөн ультрамарафону старт алды. Бул тууралуу КР КМ маалыматтык иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршурттун узундугу 150 км түзүп, 31-августа Бишкекте аяктайт.

“Кайратбек Рапиев өзүн позитивдүү алып жүрүүдө жана ийгилик жаратышына ишенет. Бул ийгилигин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнайт. Аны Улуттук гвардиянын тартуучу тобу жана медицина кызматкерлери коштоп жүрөт”,-деп айтылат маалыматта.

К.Рапиевдин мындай чуркоосу 2019-жылдын июнь айында Балыкчы шаарында өтүп, ал Чолпон-Ата шаарында аяктаган. Жарыштын маршруту Ысык-Көлдүн түштүк тарабын бойлой жүрүп, КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына арналган.

Пикир

Оставить комментарий