• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынын кесепетинен 10 адам жабыркап, экөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.21. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен жеринде 2 эркек адам каза болуп, 10 адам жабыркаган - 5 эркек, 4 аял жана 1 кичинекей кыз (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар унаадан чыгарылып, тез жардам кызматы жана жолдо бараткан унаалар аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий