• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Суусамырда мал уурдоого шектелген адам Таласта кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Суусамырда мал уурдоого шектелген адам Таласта кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Жайыл районундагы Суусамыр айылынын тургуну мал (жылкы) уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Бул факты РИИБнин КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл районунун ИИБнин кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү делип, 18 жаштагы К.Д. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү Талас шаарындагы базарда уурдалган малды сатуу учурунда кармалган. Учурда уурдалган мал алынып, арыз ээсине кайтарылды.

Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун текшерүүдө, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий