• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суусамырда жүк ташуучу унаа менен Honda Stepwgn кагышып, 9 адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (алты аял, эки эркек жана бир жаш бала) каза болуп, бир эркек жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жеринде 5 куткаруучу каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий