• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суусамырга бара жаткан үй-бүлө Көкөмерен суусуна түшүп кеткени айтылууда

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Көкөмерен суусунда жоголуп кеткен үй-бүлөнү издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Агенттикке үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири билдиргендей, "Ниссан Террано" унаасында 4 киши жана 1 бала болгон. Алар Суусамырга бара жатып жоголуп кеткен.

"Акыркы жолу Жумгал районунда байланышкан. Кайдыгер эмес адамдарды издөө иштерине жардамдашууга чакырабыз. Байланыш – 0555 48 48 83 (Индира). Учурда суудан унаанын бөлүктөрү табыла баштады", - деди ал.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленип, Жайыл районунун милиция кызматкерлери коомдук тартипти карап жаткан маалда 30-июнь күнү болжол менен саат 13:30да аларга жолдо өтүп бара жаткан адамдардан Көкөмерен суусуна унаа кулаганы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, ал жердеги адамдардан маалымат алынган.

Учурда ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий