• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суусамырга тойго алып бара жаткан. Милиция 4 баланы багажга салып алган окуя боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. “Фольксваген Пассат” унаасынын айдоочусу коңшусунун балдарын Суусамырга тойго алып бара жаткан. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июль күнү “News.kg” маалымат агенттиги Инстаграмм социалдык тармагындагы баракчасына “Кыргызстанда айдоочу автоунаанын багажына 4 баланы салып бара жатат”-деп сүрөттү чыгарган.

Аталган факты Талас ОИИБнин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан багыттамалар берилип, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам иш алып барып, интернетке чыккан айдоочу табылган.

“Тараз-Талас-Суусамыр” автожолунун, тактап айтканда “Өтмөк” ашуусунан кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 07 642 ААР сандуу автоунаага Кара-Ой айылыныны тургуну Ж.Т. аттуу айдоочу Суусамыр жайлоосундагы жылында өтүп жүрүүчү чабандардын тоюна бара жатып, кошуналарынын балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алгандыгы аныкталган. Айдоочу Ж.Т. ЖКККБна алынып келинип, унаасы айып жайына киргизилди",-деп айтылат маалыматта.

Ага карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий