• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак: Акыркы коңгуроодогу окуядан улам директордун м.а. кызматтан бошотулду

Билим 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Сузактагы №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А.С.Нажмидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулду. Буга мектептеги акыркы коңгуроо учурунда катталган окуя себеп болгон.

Белгилей кетсек, 25-майда аталган орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты учурунда пиротехникалык каражат колдонулуп, анын натыйжасында окуучунун жүзүп күйгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып төмөнкүлөрдү билдирет: "Аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири А.Ж. пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу Ж.М. жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучу Ж.М. жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы.

Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулган".

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарында уюштурулган бардык иш-чараларда пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий