• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы сугат суу маселеси чечилди

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы сугат суу маселеси чечилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин үч жылдан бери Кемпир-Абад суусунан Кара-Дарыя каналы аркылуу суу берүү токтоп турган. Ага ылайык кырдаал аймактагы дыйкандарга зыянын тийгизип келген. Бул багыттагы маселе боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары тарабынан жүргөн сүйлөшүүлөргө ылайык бүгүн суу берүү башталды.

Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүндөгү Жийде айылынан өткөн каналга барып, суунун көлөмүн көрдү. Учурда Кара-Дарыя каналынан Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы эгин талааларына секундасына 50 кубметр суу агызылууда.

Кечээ, 28-июнь күнү суу тартыштыгы көйгөйү менен Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы 4 айылдын эли өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө келишкен эле. Бул жагдайды облус башчысы көзөмөлүнө алып, маселени кыска убакытта чечүү аракеттери көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий