• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак милициясы кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Сузак милициясы кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-август күнү маалымат агенттиктердин биринде белгисиз эки жарандын Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилип коргоого алынган, атылган “Ак кунастарды” кармап түшкөн сүрөттөрү менен маалымат жарыяланган.

Мындан сырткары, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тарабынан ак кунастарды аткандарга чара көрүү үчүн Жалал-Абад ОИИБине кат жолдонгон. Аталган каттын негизинде облустук милиция тарабынан ШРИИБдерге маалымат жеткирилген.

Жогорудагы маалыматтын негизинде Сузак РИИБдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында ак кунасты аткан жаран аныкталган.

Окуя 2020-жылдын 30-июль күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында орун алган. Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну Э.Э. өзүнө таандык сайсыз ок атуучу курал менен Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде учуп бара жатышкан, Кызыл китепке киргизилип, коргоого алынып, атууга жана жок кылууга тыюу салынган 3 даана ак кунасты (белый аист) атып, сүрөткө түшкөндүгү такталган. Кийин бир тууган иниси 2000-жылы туулган Э.Ж. келип, атылган ак кунастарды кармап, өзүнүн уюлдук телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 5-август күнү Сузак РИИБдин Кылмыш жана жоркутардын бирдиктүү реестрине КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 144-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалары жана фото таблицалары түзүлгөн. Ошондой эле Э.Э. ак кунастарды аткан сайсыз ок атуучу курал акт түзүлүп алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий