• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак милициясы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге белектерди таратты

Аймак 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Сузак милициясы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге белектерди таратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн 3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Бул датага карата Сузак РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана жергиликтүү тиешелүү кызмат өкүлдөрү тарабынан белектер таратылды. Алар район аймагында каттоодо турган жаш өспүрүмдөрдүн учурдагы абалынан кабар алышып, керектүү азык-түлүк жана кийим-кечектерди, таттууларды тапшырышты. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ата-энелерине жана аларды багып жаткан камкорчулары менен түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Өз кезегинде белек алып кубанып турган өспүрүмдөрдүн ата-энелери жана жакындары белек тараткандарга ыраазычылык билдиришип, балдардын көңүлдөрү көтөрүлүп калгандыгын белгилешти.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган жашы жете электерди камкордукка алуу иш-чарасы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте улантыла бермекчи.

Белгилей кетсек, Сузак районунун аймагында жалпы 1700дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр бар.

Пикир

Оставить комментарий