• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак району боюнча пенсия 24-апрелде толук жеткирилип бүтөт – Жолборсов

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Сузак району боюнча пенсия 24-апрелде толук жеткирилип бүтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде "Кыргыз почта" мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалынын башчысы Жаныбек Жолборсов билдирди.

"Бизге 23-апрелге чейин пенсияны таратып бүтүү боюнча тапшырма берилген. Техникалык себептерден улам графиктен бир аз артта калып жатабыз. Пенсия 24-апрелде толук жеткирилип бүтөт", - деди ал.

Аны менен бирге ал, "каттоо боюнча Сузак районунда турабыз, бирок Жалал-Абад шаарында жашкандар пенсияны кантип алса болот деген суроого жооп берди.

Жолборсов, каттоосу Сузакта, бирок жашаган жери башка жакта болгон пенсионерлердин тизмесин айыл өкмөттөрү жана почта кызматы тактап жатканын айтып, бул маселе боюнча жарандар 0779 34 88 98 же Сузак району боюнча кызматтык телефон (3748) 50026 номерине кайрылууга болорун билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий