• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузак районунда 29 миң пенсионерге 150 млн сомго жакын пенсия төлөнөт

Аймак 0


Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Сузак районунда 29 миң пенсионерге 150 млн сомго жакын пенсия төлөнөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Комендантка Сузак районунун Барпы айылынын тургуну кайрылып, пенсия качан келет суроо узартты.

"Сузак районунда пенсия курактагы 29 миңге жакын жаран бар экен. Алар ала турган пенсиянын өлчөмү 150 млн сомго жакын. Учурда почта жана жергиликтүү бийликтин жетекчилиги менен бул маселени иштеп жатабыз. Буйруса пенсияңыздарды 23-25-апрелде аласыздар", - деди ал.

Белгилей кетсек, 17-апрель күнү Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев райондогу пенсионерлердин 30%ына пенсиялары жеткирилгенин жана пенсияларды 23-апрелге чейин толук таратып бүткөрүү пландалып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий