• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда 300 орундуу мектептин курулушу башталат

Аймак 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 300 орундуу мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын Боз-Чычкан айылында жайгашкан №86 "Ынтымак" мектеби 1990-жылы ашар жолу менен курулган. Азыркы учурда эскилиги жетип, 2016-жылы авариялык абалда деп табылган. Жаңыдан салынуучу мектеп 300 орунга ылайыкташкан. Ал "Ассанабил" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.

Бүгүн аталган мектепте облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жана фонддун төрагасы Саид Баюми жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, заманбап типтүү мектепте түзүлүүчү шарттар боюнча маалымат берди.

Имараттын курулушу жакынкы күндөрү башталып, сентябрь айына бүткөрүү пландалган. Анын алкагында окуучуларга билим берүү онлайн форматта улантылат.

Пикир

Оставить комментарий