• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунда 36 млн сомдук материалдык жардам элге таратылды - Омошев

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 36 млн сомдук материалдык жардам элге таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак райондук администрациянын башчысы Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Сузак районуна 471 тонна 250 кг ун келип, калктын аярлуу катмарына таратылган.

"Өзбекстандан келген гумжардамдан 164 тонна 450 кг ун таркатылды. Анын 51 тонна 200 кг уну кээ бир айыл өкмөттөрдө сакталып турат. Ал эми калган айыл өкмөттөрү унду таратып берди. Жалпы район боюнча мамлекеттик жардам катары 635 тонна 700 кг ун жана 18 млн 480 миң сом келди. Аны 800 сомдук азык-түлүк пакети түрүндө таратып бердик. Унду кошкондо жалпы 36 млн сомдук материалдык жардам элге таратылды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий