• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда 420 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы №34 "Комсомол" орто мектебинин ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Аталган мектеп 420 орундуу болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 49 млн 500 миң сом акча каражаты сарпталган.

Саамалыкта облус башчысы жалпы айыл тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Жергиликтүүлөрдө билим берүү мекемесине болгон муктаждык жоюлганын айтып, бул өсүп келе жаткан жаш муундардын мыкты билим алуусуна көрүлгөн камылга экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий