• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Сузак районунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак районунун айылдарында ички чарбалык жолдорун дезинфекциялады.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 16га (7 эркек, 9 аял) жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий