• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак районунда эки жаңы балдар бакчасынын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21 /Кабар/. Сузак районунда эки жаңы балдар бакчасынын курулушу аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондун Орто-Азия жана Кара-Дарыя айылдарына жалпы 100 орундуу бала бакчанын имараты курулуп бүткөрүлдү. Ага жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 20 миллион сом сарпталган. Учурда аларды ички эмеректер менен камсыздоо аракети жүргүзүлүүдө.

Аймактагы муктаждыкты жоюуда 2021-жылы дагы 3 бала бакчаны бүткөрүү пландалууда. Сузак районунда жалпы 53 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме бар. Аларда 5 миң 866 бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий