• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузак районунда ФАП ачылып, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Кечээ, 25-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыржол айылында заманбап фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ачылыш аземи болду. Ага ЖК депутаты Музаффар Исаков, “Qatar Charity” уюмунун КРдагы мүдүрү Усама Турабий, “Ассанабил” кайрымдуулук фонунун өкүлү Мухаммад Мады жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышкан. Бул тууралуу Катардын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, имарат толугу менен аталган уюмдун каржылоосу менен “Ассанабил” ККФ тарабынан курулуп, мамлекеттик стандартка жооп берет.

"Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү бөлмө, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары жана башка керектүү шаймандары дагы уюм тарабынан камсыздандырылды", - деп айтылат маалыматта.

2017-жылдагы Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук уюмунун каржылоосу менен 9 медклиника курулуп, кечээ эң акыркысы колдонууга берилген.

"Бул долбоор мындан ары дагы уланып, дагы көптөгөн муктаж конуштарга жаңы имараттар курулат", - деп кабарлашты элчиликтен.

“Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана бейтаптарга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт”, – деп билдирди Сузак районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Замира Орунбаева.

Пикир

Оставить комментарий