• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Сузак районунда калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Сузак,Таш-Булак,С.Атабеков, Багыш айыл аймактарында жана Көк-Жаңгак шаарында жашаган турак жай ээлерине кышкы от жагуу мезгилинде коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, соода-сатык дүкөндөрдө, май алмаштыруучу жайларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча инструктаждар өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий