• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак районунда коронавирусту жуктургандар менен аралашкан 1630 адам аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Сузак районунда коронавирусту жуктургандар менен аралашып жүргөн 1630 адам аныкталды. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бергөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандар менен байланышкан дагы 734 адам Ноокат районунда табылды. Алардын баары анализ тапшырып, учурда обсервацияга алынган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-мартта коронавирусту жуктурган дагы 6 учур катталды. Алардын бардыгы Сауд Арабиядан кичи ажылыктан (умра) келгендер. Жарандардын бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ал эми бирөө Баткен облусунун Баткен районунун тургуну. Алардын жаш курагы 45тен - 74 жашка чейин. Үчөө аялдар, үчөө эркектер.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий