• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузак районунда сарай өрттөнүп, 12 баш кой жана торпок күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. 1-декабрь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан мал сарайдын чатыры күйүүдө деген маалымат саат 23:50дө түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине №59 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, аталган жай 01:19да курчоого алынып, бүгүн саат 08:01де толугу менен өчүрүлдү.

Жалпысынан сарайдын 192 чарчы метр аянты күйгөн.

Келтирилген чыгымдар 12 баш кой, 1 баш торпок, 1000 түк чөп жана 600 боо жүгөрү бакалы күйгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий