• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунда селден жабыркагандарга жеринде медициналык жардам көрсөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-майда Сузак районунун Барпы, Атабеков жана Сузак айыл аймагындагы селден жабыркаган айылдарынын тургундарына зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мында тургундарга мобилдик клиника уюштурулуп, терапевт, гинеколог, лаборатория жана УЗИ кызматтары менен камсыз кылынган.

Облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан да үч бригада уюштурулган. Алар айылдарда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында короо жайларды залалсыздандырып, түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий