• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузак районунда СПИДге каршы жөө жүрүш акциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Сузак районунун «Кызыл-Туу» айыл өкмөтүнүн жаштар комитети «1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө» карата «Биз коомчулук жана жаштар –СПИД илдетине каршыбыз» деген аталышта жөө жүрүш акциясын уюштурушту.

Иш-чарага «Мундуз» жана «Ак-Башат» орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары катышып, «Кызыл-Туу» айыл өкмөтүнүн Спасск жана Мундуз айылдарынын көчөлөрү боюнча жөө жүрүшкө чыгышты. Жөө жүрүш чакан митинг менен аяктады. Анда «Кызыл-Туу» айыл өкмөтүнүн башчысы М. Калмаматов, Айылдык кеңештин төрагасы А.Маккенбаев сөз сүйлөшүп, жаштардын бул демилгесин колдошту жана СПИД оорусунун кесепетине каршы жалпы коомдун каршы турушу зарылдыгын белгилеп кетишти.

Ал эми Сузак райондук СПИДге каршы күрөшүү борборунун өкүлү Жалалидин Мамажанов Сузак району боюнча ВИЧ оорусунун деңгээли тууралуу жөө жүрүштүн катышуучуларына маалымат берди. Анын айтымында, район боюнча 203 адам ВИЧ оорусуна чалдыкса, анын 24үн 14 жаштан жогоркулар түзгөн. Баары каттоого алынган.Алардын арасында бул коркунучтуу оорудан каза тапкандар да бар. Ж.Мамажанов андан тышкары СПИД оорусунан сактануунун жолдорун кеңири айтып берди жана жаштарды этият болууга чакырды.

«Кызыл-Туу» айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин жетекчиси Алибек Жойболотовдун айтымында, коомчулукка, айрыкча жаштарга ВИЧ оорусу тууралуу маалымат берүү жана андан сак болууга чакыруу максатында мындай акция жыл сайын уюштурулуп келет.

Белгилей кетсек, 1-декабрда Эл аралык СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленет. Буга байланыштуу республиканын бардык аймактарында аталган жугуштуу ооруну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытындагы түрдүү иш-чаралар уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий