• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сузак районунда "Тилемчи" аталышындагы иш-чара өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад обусунун Сузак районунда "Тилемчи" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, Сузак райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, балдарды коргоо бөлүмү тарабынан жашы жете электердин арасында жайкы эс алуу учурунда кылмыштуулуктун алдын алуу жана селсаяктык, тилемчилик менен алектенишин болтурбоо максатында "Тилемчилик" аталышындагы иш-чара өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сузак районунун Н.М. аттуу тургунунун арызы боюнча, 17-августта үйүнөн чыгып кеткен жашы жете элек 3 баласы көчөдө тилемчилик кылып жүргөн жеринен райондук милициянын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Аны менен бирге ал үй-бүлөнүн абалы боюнча райондук социалдык коргоо мекемесине балдарына жардам алуу боюнча сунуш жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий