• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Сузак районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков, Сузак районунун акими Төрөгелди Түркбаев жана айыл өкмөт башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө барып, ал-абалынан кабар алышты.

Азыркы учурда райондо жалпы 5 гана согуш ардагери калган. Кандуу күндөрдү баштарынан кечирип, бүгүнкү тынч жашоого салымын кошкон аталар майрам күндөрү эле эмес, ар дайым көңүл борборунда экенин айтылып, ден соолук каалашты.

Жалал-Абад облусунда Улуу Жеңиш күнүн утурлай бир айлык жарыяланган. Анын алкагында согуштун жана оруктун ардагерлеринин короолору тазаланып, көмөк көрсөтүлүүдө. Алардын ден соолугу ар дайым дарыгерлердин көзөмөл астында турат. Облус боюнча учурда болгону 18 гана согуштун катышуучулары калган.

Пикир

Оставить комментарий