• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда унаа дарыяга түшүп кетип, 3 адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Сузак районунда “Volkswagen Golf-3” үлгүсүндөгү унаа дарыяга түшүп кетип, үч адам каза болуп дагы экөө жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, окуя 13-апрелде болжол менен саат 14:30 чамасында Достук айылында болгон. Айдоочу унааны башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен.

Куткаруучулардын айтымында, кырсык болгон жерде 71 жаштагы Н.А., 23 жаштагы А.А., жана ооруканада бир жаштагы бөбөк каза болгон.

29 жаштагы Н.К., жана 26 жаштагы Т.Н., райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө жатышат.

Пикир

Оставить комментарий