• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунда заманбап мечит курулду

Аймак 0

ОШ, 21.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жар-Кыштак айылында 20-августта заманбап мечит колдонууга берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Заманбап мечиттин ачылыш аземине дин кызматкерлери, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мечит шейх Мухаммад Умар Ташкандиянын демөөрчүлүгү менен курулду.

К.Сатыбалдиев өз сөзүндө, аталган мечит жергиликтүү тургундардын ынтымагын жана достугун бекемдеген, өсүп келе жаткан жаштардын тарбиясына салымын кошкон мечиттен болушун каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий